> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй облусунда кумшекер 88-90 сомдон сатылууда - жыл башынан бери 41%га кымбаттады
- URL: https://im.kg/all/2022/08/29/ch-j-oblusunda-kumsheker-88-90-somdon-satyluuda-zhyl-bashynan-beri-41-ga-kymbattady/
- Published: 2022-08-29T09:09:54.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кум шекердин 1 килограммы 5 сомго чейин төмөндөдү жана ал 88-90 сомду түзүүдө. Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги 26-августта Сокулук районунун аймагында социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына жүргүзгөн мониторингине таянып билдирди.**

Агенттикке сатуучулардын айтуусу боюнча, социалдык жактан маанилүү товарларга болгон баалар туруктуу, запастар жетиштүү көлөмдө.

> “Акыркы күндөр ичинде кум шекерге болгон баанын төмөндөшү байкалууда, анткени чекене баа орто эсеп менен 1 килограммга 5 сомго чейин төмөндөдү жана **88-90 сомду** түздү”, – деп айтылат маалыматта.

Мониторинг Шопоков шаарында жана Сокулук айылынын аймагындагы “Жибек Жолу” борбордук базарын, “Глобус” жана “Фрунзе” соода тармактарын, 10 дүкөндү жана 20дан ашык майда сатуу түйүндөрүн камтыган.

> “Мониторинг учурунду Шопоков шаарында “БМ” дүкөнүндө кум шекер 115 сомдон сатылып жатканы аныкталып, администратор менен болгон түшүндүрүү иштеринен кийин кум шекер сатуудан алынып салынды. Ушундай иштер дагы 2 дукөндө жүргүзүлдү”, – дейт агенттик.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын бардык аймактарында азык-түлүктүн баасы кескин көтөрүлдү. Жыл башынан бери эң көп **кумшекер — 41%га** жана **ун — 25.5%га** кымбаттап, ал эми мөмө-жемиштер — 20.7%га, сүт азыктары — 16.7%га, нан — 14.5%га, гречка — 14.3%га, балык — 13.4%га, алкоголсуз суусундуктар — 13.2%га, кой эти — 12.9%га, уй эти — 7%га, жашылчалар — 3.7%га [кымбаттаган.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/08/16/kyrgyzstandyn-bardyk-ajmaktarynda-azyk-t-l-k-zg-ch-kumsheker-menen-un-41-zhana-26-ga-kymbattady/)