> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Комбанктарга жылдын аягына чейин соода жана тейлөө түйүндөрүндө QR-код төлөмүн киргизүү тапшырмасы берилди
- URL: https://im.kg/all/2022/08/29/kombanktarga-zhyldyn-ayagyna-chejin-sooda-zhana-tejl-t-j-nd-r-nd-qr-kod-t-l-m-n-kirgiz-tapshyrmasy-berildi/
- Published: 2022-08-29T14:07:36.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:35:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк коммерциялык банктарга, төлөм системасынын операторлоруна жана мобилдик тиркемелери бар төлөм уюмдарына үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин QR-код аркылуу кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылууга милдеттендирди. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта башкы банктын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка таянсак, бул токтом QR-коддорун колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана **бирдиктүү төлөм мейкиндигин** түзүү максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары, документке ылайык, коммерциялык банктар жана төлөм системалары/уюмдар жылдын аягына чейин төмөнкүлөрдү иштеп чыгуусу керек:

- КРнын соода жана тейлөө ишканаларында QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу
- Соода жана тейлөө ишканаларына QR-кодду колдонуу боюнча окутуу жагында зарыл консультациялык жана техникалык жардам көрсөтүү
- Кардарлар QR-коддорун колдонууда коопсуздук чараларын жана мүмкүн болуучу уруксатсыз операциялардан коргоону жакшыртууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.