> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын өнөр жайы алтын казып алуунун эсебинен 14.5%га өстү - ЕӨБ
- URL: https://im.kg/all/2022/08/29/krnyn-n-r-zhajy-altyn-kazyp-aluunun-esebinen-14-5-ga-st-e-b/
- Published: 2022-08-29T16:29:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшү алтын казып алуунун өсүшүнүн эсебинен 14.5%га өстү. Мындай маалымат Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) аналитиктеринин жумалык макросеребинде айтылат.**

> Ал серепте башка тармактардагы экономикалык өсүү 3.3%ды түзгөнү айтылат. Жалпысынан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 17.8%ды түзгөн.

Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү, тагыраак айтканда, тамак-аш өнөр жайы – 12.9%га, мунай продуктуларын өндүрүү – 14.6%га, ошондой эле даяр металл буюмдарын өндүрүү – 46.4%га жогорулаган.

Мындан тышкары, талдоочулардын айтымында, текстиль жана тигүү өндүрүшү 2.4%га кыскарган. Буга транспорттук-логистикалык чынжырлардын иштешиндеги үзгүлтүктөр терс таасирин тийгизген.