> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Республиканын дарыяларындагы бассейндердин 0.01%ын гана пайдаланып, жылына 100 миң тонна форель өстүрүүгө болот - Ниязов
- URL: https://im.kg/all/2022/08/29/respublikanyn-daryyalaryndagy-bassejnderdin-0-01-yn-gana-pajdalanyp-zhylyna-100-mi-tonna-forel-st-r-g-bolot-niyazov/
- Published: 2022-08-29T12:40:23.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:15:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Республиканын дарыяларындагы бассейндердин аянтынын 0.01% ын гана пайдаланып, жылына 100 миң тонна форель өстүрүүгө болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов [билдирди.](https://www.facebook.com/permalink.php?story%5Ffbid=pfbid02jo2JJpejhyrRytnqF7HBimsPbDPiAHc1Kwxb6i6kitxQXZc9PXeCpHUfc9326id2l&id=100074528700681)** 

Ниязовдун айтымында, **ички рынок республикада өстүрүлгөн 20 миң тоннага жакын гана балыкты ала**т. Бирок планда балык өндүрүүнү он эсеге көбөйтүү каралган. Анткени Кыргызстандын суу ресурстары экологиялык жактан таза балыктарды өстүрүүгө мүмкүндүк берет.

> “Алсак, республиканын дарыяларындагы **бассейндердин 0.01%ын гана пайдаланганда, жылына 100 миң тоннага чейин асан-үсөн форелин өстүрүүгө** болот. Ошол эле кезде алардын бир бөлүгү Токтогул ГЭС каскадынын суу сактагычтарындагы капас чарбаларында өстүрүлөт.

> Балык өтө маанилүү азык болгондуктан, Саламаттыкты сактоо министрлиги жылына эң аз 9.1 кг керектөөнү сунуштайт. Учурда балык керектөө жылына эки гана килограммды түзөт”, – дейт ал.

2016-жылы айыл чарбасынын дүң продукциясында балык өстүрүүнүн үлүшү 0.05%ды же 46.1 млн сомду түзсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 0.35%га жетип, 853.5 млн сомду түзгөн.