> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөгү «Ак-Булак плюс» сүт заводу сүттү кайра иштетүүнү суткасына 100 тоннага чейин көбөйтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/08/29/ysyk-k-ld-g-ak-bulak-pljus-s-t-zavodu-s-tt-kajra-ishtet-n-sutkasyna-100-tonnaga-chejin-k-b-jt-t/
- Published: 2022-08-29T17:44:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:56:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Каракол шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү ири ишкана «Ак-Булак плюс» ЖЧКсына 1 млн доллар жеңилдетилген насыя берип, өндүрүштүн кубаттуулугун суткасына 100 тонна сүткө жеткирүүгө жардам берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.**

Берилген маалыматка ылайык, ишканада май, сыр жана кургак сүт чыгаруучу цехтер бар. Жыл ичинде сүттүн максималдуу алынышы **суткасына 80 тоннага**, орточо суткалык кайра иштетилиши **30 тоннага** жетет.

Жалпысынан «Ак-Булак плюс» менен **67 сүт ташуучу ферма** кызматташат. Ишкананын продукциялары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиянын ири шаарларына экспорттолот. Учурда Кытайга жеткирүү үчүн байланыштар түзүлүүдө.

> ОКӨФтүн жеңилдетилген насыясынын аркасында “Ак-Булак плюс” компаниясы суткасына 10 тоннага чейин продукция чыгаруучу европалык деңгээлдеги жаңы автоматташтырылган сыр чыгаруу линиясын ишке киргизди. Аталган фонд ишкана күн сайын **100 тоннага** чейин сүттү кошумча иштете аларын жана жумушчу орундардын саны дагы көбөйөрүн белгиледи. 

---

Белгилей кетсек, **«Ак-Булак плюс» ЖЧКсы** **«Кант-Сүт» ЖЧКсы** менен биргеликте Кыргызстанда «Белая река» соода маркасы менен өз продукциясын сатыкка чыгарып келет.