> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абад Мамкурулушу облустагы курулуш компанияларына 1 млн сомдук айып пул салды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/29/zhalal-abad-mamkurulushu-oblustagy-kurulush-kompaniyalaryna-1-mln-somduk-ajyp-pul-saldy/
- Published: 2022-08-29T11:30:30.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:45:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абад облусундагы Мамкурулуш аталган аймактагы курулуш компанияларына 1 млн сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.**

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» КРнын мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталгандыгына байланыштуу курулуш компанияларына жалпы суммасы **1 млн 53 миң сом** административдик айып салынган.

> “Мамкурулуш куруучуларды КРнын архитектура жана шаар куруу жаатындагы мыйзамдарын сактоого чакырат”, – дейт мекеме.