> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Августта инфляция 15.4%ды түздү - июль айында эле 13.8% болчу
- URL: https://im.kg/all/2022/08/30/avgustta-inflyaciya-15-4-dy-t-zd-ijul-ajynda-ele-13-8-bolchu/
- Published: 2022-08-30T11:14:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Август айында инфляция 15.4%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.**

> “Өтүп жаткан жылдын август айында инфляция **15.4%ды** түздү (июль айында – 13.8%). Учурдагы жылдын жай айында сезондук дефляциянын жок болушу сакталып турган инфляциялык басымдын негизги көрсөткүчү болуп саналат”, – дейт башкы банк. 

Геосаясий белгисиздик менен чогуу дүйнөлүк инфляциянын жогорку деңгээлде сакталышы КРнын экономикасын өнүктүрүүгө таасирин тийгизген олуттуу факторлордон бойдон калууда. Мындай шарттарда Улуттук банк экономикада инфляциялык процесстерди чектөө жана тышкы экономикалык чөйрөдөгү тобокелдиктердин таасирин азайтуу максатында акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантаарын билдирди.

Белгилей кетсек, Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) талдоочулары **2022-жылдын аягында** КРда инфляциянын деңгээли 15.3%га жетет деп [болжолдошкон](https://eabr.org/upload/iblock/d15/EDB%5FMacroreview%5F2022%5F05%5FRU%5Fweb.pdf) эле. Ал эми буга чейин Улуттук банк жыл аягына чейин инфляция [15.5%дын тегерегинде](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/06/08/uluttuk-bank-zhyl-ayagyna-chejin-inflyaciya-15-5-de-geelinde-bolot-dep-k-t-d-ukrainadagy-sogushtun-taasiri/) болорун божомолдогон болчу.