> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого 2 млн сом жумшайт
- URL: https://im.kg/all/2022/08/30/bishkek-meriyasy-egemend-l-k-k-n-n-majramdoogo-2-mln-som-zhumshajt/
- Published: 2022-08-30T10:40:12.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого 2 млн сом сарпталат. Бул тууралуу “Азаттык” Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.**

Каражат үн техникаларын, декорацияларды, реквизиттерди, транспортту ижарага алуу, чыгармачыл өндүрүштүк топту жалдоо жана 20 биотуалетти орнотууга жумшалат.

> Муниципалитет эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салтанаттын биринчи бөлүгү Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп, анда жарандарга мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда театралдаштырылган программа тартууланарын билдирди.

31-август күнү кечинде саат 19:30да Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт башталып, жергиликтүү артисттер өз өнөрлөрүн тартуулашат. Быйыл фейерверк атылбай турганын мэрия «айлана-чөйрөнү коргоо максатында» болгону менен түшүндүрдү.