> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бишкек жылуулук тармагы» ААК жана «Түндүк электр» ААК Кыргыз фондулук биржасынын листингинен чыкты
- URL: https://im.kg/all/2022/08/30/bishkek-zhyluuluk-tarmagy-aak-zhana-t-nd-k-elektr-aak-kyrgyz-fonduluk-birzhasynyn-listinginen-chykty/
- Published: 2022-08-30T15:05:25.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:10:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Бишкек жылуулук тармагы» ААК жана «Түндүк электр» ААК Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) тизмесинен чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта КФБнын маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка таянсак, листингден чыгуу чечими компаниялардын кайра түзүү процедураларына байланыштуу болгон.

> «Бишкек жылуулук тармагы» ААК 2012-жылдын март айында Кыргыз фондулук биржасынын листингине киргизилген, акыркы бүтүм 0.49 сом баасы менен жүргүзүлүп, капиталдаштыруу **473 млн сомду**, баалуу кагаздардын саны **965 млн даананы** түзгөн.

> “Түндүк электр” ААК 2010-жылдын ноябрь айында Кыргыз фондулук биржасынын листингине киргизилген, акыркы бүтүмдүн акциясынын баасы 0.22 сомду, капиталдаштыруу **216 млн сомду,** баалуу кагаздардын саны **965 млн даананы** түзгөн.

---

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 26-мартындагы акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасын «Электр станциялары» ААКсына[ кошуу чечими](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/08/16/t-nd-k-elektr-oshelektro-zhana-bashka-b-l-sht-r-ch-kompaniyalar-zhok-boldu-alardyn-baary-kuetke-kirdi/) кабыл алынган болчу.

Ошондой эле “Түндүк электр” ААКты дагы башка энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар сыяктуу эле «Кыргызстан Улуттук электр тармагы» (КУЭТ) акционердик коомуна кошуу чечими кабыл алынган.