> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга бюджеттен 7 млрд сом каралды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/30/mamlekettik-kyzmatkerlerdin-ajlygyn-zhogorulatuuga-bjudzhetten-7-mlrd-som-karaldy/
- Published: 2022-08-30T17:43:12.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бюджеттен 1-августтан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга 7 млрд сомго жакын каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Министрликтин берген маалыматына ылайык, бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысын жогорулатуу каралган. 

Мамлекет тармагындагы кызматкерлерине төмөнкү категориялары кирет:

- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер
- мамлекеттик мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер
- кенже техникалык тейлөө персоналы
- күч түзүмүнүн жарандык жана эмгек келишими боюнча иштеген, кызматта турбаган жана наамы жок кызматчылар.

> Бул чараны ишке ашыруу үчүн бюджетте эмгек акы фондусуна **7 млрд сомго жакын** каражат каралган.

Эскерте кетсек, 1-апрелден тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, маданият, спорт кызматкерлеринин, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлгөн.