> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жумасына бир жолу Бишкек - Исламабад аба каттамы ачылды
- URL: https://im.kg/all/2022/08/30/zhumasyna-bir-zholu-bishkek-islamabad-aba-kattamy-achyldy/
- Published: 2022-08-30T10:01:16.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» эл аралык аэропорту» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) Бишкек – Исламабад аба каттамы ачылганын кабарлады.**

«МЭА» ААК 27-августтан тарта Бишкек – Исламабад – Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылганын билдирди.

> Пакистандын борборуна каттамды жумасына бир жолу – ишемби күндөрү – ата мекендик **«Аэро Номад Эйрлайнс»** авиакомпаниясы аткарат. 

Белгилей кетсек, аталган багыт боюнча туруктуу аба каттамы биринчи жолу ачылып жатат.