> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектен Пакистандын Лахор шаарына аба каттамы ачылды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/01/bishkekten-lahor-shaaryna-aviakattam-achyldy/
- Published: 2022-09-01T15:27:33.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» эл аралык аэропорту» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) Бишкек — Лахор аба каттамы ачылганын кабарлады.**

«МЭА» ААК ата мекендик **«Аэро Номад Эйрлайнс»** авиакомпаниясы Бишкек – Лахор – Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам аткара баштаганын кабарлады.

> Белгиленген багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат. Учуулар **жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү** аткарылат.

Аталган авиакомпанияга караштуу учак Пакистандын эң ири шаарларынын биринде 2022-жылдын 30-августунда конгон.