> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБде салык чогултуу боюнча КР биринчи орунга чыкты - Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/09/01/eaebde-salyk-chogultuu-bojuncha-kr-birinchi-orunga-chykty-zhaparov/
- Published: 2022-09-01T12:30:15.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ЕАЭБде салык чогултуу боюнча КР биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.**

Анын айтымында, жети айдын жыйынтыгы менен өлкөнүн ИДПсы 7.7%га барабар болсо, айыл чарбасында 8.3%га өскөн. Ошондой эле ЕАЭБ түзүлгөндөн бери Кыргызстан акыркы орундардан алдыга жылган.

> “Быйыл ЕАЭБде биринчи жолу салык чогултуу боюнча биринчи орунга чыктык жана ИДПнын өсүү темптери менен да алдыңкы катарга кошулдук”, – деди Жапаров.