> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эскертүү: Бүгүн салыктарды төлөөнүн акыркы күнү
- URL: https://im.kg/all/2022/09/01/eskert-b-g-n-salyktardy-t-l-n-n-akyrky-k-n/
- Published: 2022-09-01T10:56:15.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү экенин эскертти.**

> Ушуга байланыштуу МСК салыкты төлөй элек жарандарды бүгүн салык милдеттенмесин аткарууга чакырды.

Салыкты банктардын кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 116 номери же [www.sti.gov.kg](http://www.sti.gov.kg/) сайты аркылуу алууга болот.