> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Камбар-Ата-1» сыяктуу чоң долбоорлорду жасоо үчүн бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек - Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/09/01/kambar-ata-1-syyaktuu-cho-dolboorlordu-zhasoo-ch-n-bir-top-myjzamdarga-zg-rt-l-rd-kirgiz-kerek-akylbek-zhaparov/
- Published: 2022-09-01T12:12:40.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:24:46.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Камбар-Ата-1” сыяктуу чоң долбоорлорду жасоо үчүн бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.**

> “Камбар-Ата – 1” эң чоң долбоорун баштадык. Эгерде 2014-жылдагы долбоордун техникалык негиздемесинде 3 млрд доллар болсо, андан бери материалдардын баары кескин өсүп кетти, эксперттердин болжолу менен **5-6 млрд доллар** керектелет. 

> Мындай чоң долбоорго акчаны чогултуу үчүн бир топ мыйзамдарга да өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Сиздер менен чогуу ушул суроо-талаптарды чечебиз деген үмүтүбүз бар”, – деди минкабдын башчысы депутаттарга.

Мындан тышкары, Жапаров жакын арада 15-16-сентябрда Самаркандда өтө турган ШКУнун кезектеги отурумунда Кытай, Кыргызстан, Өзбекстандын мамлекет башчылары “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулуш долбооруна кол коюлат деген ишеничин билдирди.