> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Швейцарияга 1.2 млрд долларга алтын экспорттогон – Улутстатком муну өз отчётунда жашырган
- URL: https://im.kg/all/2022/09/01/kyrgyzstan-shvejcariyaga-1-2-mlrd-dollarga-altyn-eksporttogon-ulutstatkom-munu-z-otchjotunda-zhashyrgan/
- Published: 2022-09-01T09:34:57.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:29:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Швейцарияга 1.2 млрд долларлык алтын саткан. Бирок бийликтер аны белгисиз себептерден улам жашырып келет. Factcheck.kg-нин редакциясы [иликтөө](https://factcheck.kg/kyrgyzstan-prodal-zoloto-na-1-2-mlrd-ne-v-neizvestnuyu-stranu-a-v-shvejczariyu/?utm%5Fsource=rss&utm%5Fmedium=rss&utm%5Fcampaign=kyrgyzstan-prodal-zoloto-na-1-2-mlrd-ne-v-neizvestnuyu-stranu-a-v-shvejczariyu) жүргүзүп, эл аралык жана улуттук маалыматтарды салыштырып, Улутстаткомдун отчетторундагы боштуктарды аныктады.**

Айкын болгондой, [Trademap](https://www.trademap.org/Index.aspx?AspxAutoDetectCookieSupport=1) эл аралык соода статистикасынын маалыматтары менен [Улутстаткомдун](http://www.stat.kg/ru/publications/vneshnyaya-i-vzaimnaya-torgovlya-tovarami-kyrgyzskoj-respubliki/) расмий отчетторунда өтө чоң айырмачылыктар бар.

> Ошентип, Trademap маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстан Швейцарияга жалпы баасы **1.2 млрд долларга** барабар рекорддук көлөмдөгү **21 тонна алтын** экспорттогон (бир тоннанын баасы 57 млн доллар).

> Ал эми расмий статистика боюнча Кыргызстан Швейцарияга болгону 1 тонна, ал эми 19.2 тонна алтынды “аныкталбаган өлкөгө” жөнөткөн.

Ошондой эле Trademap маалыматы боюнча Тайланд менен Кытайга 1 тоннадан алтын бир топ арзан баада – 36 млн доллар жана 37 млн долларга сатылган. Бирок **Улутстаткомдун отчётторунда бул өлкөлөр да көрсөтүлгөн эмес.**

Factcheck белгиленгендей, Кыргызстандын расмий статистикасында көрсөтүлбөгөн дагы бир нече өлкө бар – Сингапур жана Гонконг. Аларга сатылган алтындын бир аз үлүшү туура келген – экспорттун жалпы көлөмүнүн 0.1%ы жана 1.4%ы.

> Улуу Британияга 4 тонна жеткирилген, бул жерде Trademap менен Улутстаткомдун маалыматтары дал келет, бирок алтындын баасы эмес. Расмий статистика алтындын тоннасы **57 млн доллардан**, ал эми Trademap-те **58 млн доллардан** сатылганы көрүнүп турат.