> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИК уставдык капиталын 1.8 млрд сомго көбөйттү
- URL: https://im.kg/all/2022/09/01/mik-ustavdyk-kapitalyn-1-8-mlrd-somgo-k-b-jtt/
- Published: 2022-09-01T10:00:31.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) уставдык капиталын 1.8 млрд сомго көбөйттү. Мындай маалыматты Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.**

Белгиленгендей, МИК 1.8 млрд сом өлчөмүндөгү жөнөкөй акциялардын он үчүнчү чыгарылышын жайгаштырды. Акцияны жайгаштыруу баасы **100 миң сомду** түздү.

Эскерте кетсек, листингдик комитеттин 17-августтагы чечими менен МИК акциялары «В» категориясына киргизилген (жогоркудан кийинки).

> 2018-жылы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсынын ипотекалык облигациялары КФБнын расмий тизмесине киргизилген. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча МИК сооданын көлөмү боюнча рынокто өзүнүн [жогорку көрсөткүчтөрү менен айырмаланган](http://localhost/info-portal/novosti/2022/03/01/kyrgyzskaya-fondovaya-birzha-nagradila-luchshie-kompanii-proshlogo-goda-spisok/) — анын облигациялар соодасынын көлөмү 5.1 млрд сомду түзгөн.