> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Микрокредиттерди эң көп Бишкек шаарынын тургундары алышат - жалпы көлөмдүн 18.5%
- URL: https://im.kg/all/2022/09/01/mikrokreditterdi-e-k-p-bishkek-shaarynyn-turgundary-alyshat-zhalpy-k-l-md-n-18-5/
- Published: 2022-09-01T18:11:34.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:06:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаарында берилип келет (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 18.5%). Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.**

> Мындан сырткары, Бишкектен тышкары эң көп алуучулардын катарына Ош (18%), Чүй (16%) жана Жалал-Абад (14%дан ашык) облустарынын жашоочулары кирет.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин **жалпы көлөмүнүн 42% керектөөчүлүк муктаждыктарга** берилген, 28% – айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталса, 12% – соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 6%дан ашыгы – курулушка берилген. 

**I жарым жылдыкта** **калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши**

 *(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/image.png)

Ошондой эле жылдын жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан **17.4 млрд сом** суммасында кредиттер берилип, алуучулардын саны **298 миңге** жакын адамды түзгөн. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 9.5%, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү – 1.7%га азайган.