> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарым жылда республикалык бюджеттин кирешеси 122 млрд сомду түздү - жылдык 282.1 млрд сом өлчөмүндө бекитилген
- URL: https://im.kg/all/2022/09/01/zharym-zhylda-respublikalyk-bjudzhettin-kireshesi-122-mlrd-somdu-t-zd-zhyldyk-282-1-mlrd-som-lch-m-nd-bekitilgen/
- Published: 2022-09-01T11:32:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:55:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешеси 122 млрд сомду түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 31-августта КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо сөзүндө айтты.**

> “Бул көрсөткүч өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгына салыштырмалуу **49.5% же 40.4 млрд сомго** өстү”, – деди Жапаров.

Ошондой эле президент жүргүзүлүп жаткан каржылык-экономикалык саясаттын негизинде ушул жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, бюджеттик чөйрөдө, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан камсыздоо жана башка чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин айлык маянасын сезилерлик көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кошумчалады.

---

Эскерте кетсек, Жапаров «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамга кол коюп, анда мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджетти **282.1 млрд сом** өлчөмүндө [бекиткен.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/01/19/prezident-2022-zhyldyn-bjudzhetin-bekitti-282-mlrd-som-kireshe-k-t-l-d/)

> 2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша **295.8 млрд сомду** жана **312.2 млрд сомду** түзүшү күтүлүүдө.