> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айлык акылар көтөрүлдү. Эми жылына 16.8 млрд сом керектелет
- URL: https://im.kg/all/2022/09/02/ajlyk-akylar-k-t-r-ld-emi-zhylyna-16-8-mlrd-som-kerektelet/
- Published: 2022-09-02T14:49:52.000Z
- Updated: 2022-09-05T10:14:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлигинин Штаттык сан жана эмгек акы башкармалыгынын башчысы Иса Бакиров көтөрүлгөн айлык маяналар үчүн жылына канча каражат керектелерин айтты.**

Анын айтымында, 1-августтан баштап эмгек акыны жогорулатууга 5 айга 7 млрд сом керектелет.

> “Ал эми жылдык эсеби боюнча **16.8 млрд сом** бөлүнөт”, – деди Бакиров.

Министрликтин берген маалыматына ылайык, 1-августтан тартып бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысын жогорулатуу [каралган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/08/30/mamlekettik-kyzmatkerlerdin-ajlygyn-zhogorulatuuga-bjudzhetten-7-mlrd-som-karaldy/).