> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча «Антиконтрафакт» форуму өтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/09/02/n-r-zhaj-produkciyasyn-myjzamsyz-zh-g-rt-g-karshy-k-r-sh-bojuncha-antikontrafakt-forumu-t-t/
- Published: 2022-09-02T15:16:08.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:05:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 26-сентябрынан 28-сентябрына чейин Бишкек шаарында “Антиконтрафакт” 10-мааракелик эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.**

> Форум **өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү** жана **интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо** маселелерине арналган.

Форумда төмөндөгү маселелердин каралуусу кутүлүүдө: 

- ЕАЭБ мыйзамдарын жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча позитивдүү эл аралык тажрыйбаны киргизүү
- ЕАЭБде интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо механизмдерин, продукциянын шайкештигин тастыктоо жана продукциянын сапатын натыйжалуу контролдоо боюнча аспаптарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
- товарлардын жүгүртүүсүн идентификациялоо жана көзөмөлдөө максатында инновациялык технологияларды киргизүү, маалыматтык технологияларды жана техникалык каражаттарды колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
- ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулугунун ишинин маалыматтык ачыктыгын жогорулатууга көмөктөшүү, ошондой эле өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу.

Форумдун уюштуруучулары: министрлер кабинети, Евразия экономикалык комиссиясы, “Антиконтрафакт” эл аралык ассоциациясы.

Форумдун оператору: Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент).