> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы дээрлик 100 млрд сом салык чогултту - дагы 56 млрд чогултуш керек
- URL: https://im.kg/all/2022/09/02/salyk-kyzmaty-deerlik-100-mlrd-som-salyk-chogulttu-dagy-56-mlrd-chogultush-kerek/
- Published: 2022-09-02T14:37:32.000Z
- Updated: 2022-09-05T10:14:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 99 млрд 961.4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

> Мекеме белгиленген план **1 млрд 445.5** млн сомго ашыгы менен чогултулганын (аткаруу 101.5 %) маалымдады.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар **33 млрд 829.4 млн** сомго көп жыйналган же өсүү ыргагы 151.2 %ды түздү.

Буга чейин [Economist.kg кабарлагандай,](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/18/salyk-kyzmaty-i-kvartalda-36-4-mlrd-som-chogulttu/) Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы **155.6 млрд сом** салыктарды жана **41.7 млрд сом** камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.