> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясына Бишкекте балдар үчүн тез жардам ооруканасы курулат
- URL: https://im.kg/all/2022/09/02/saud-n-kt-r-fondunun-zhe-ildetilgen-nasyyasyna-bishkekte-baldar-ch-n-tez-zhardam-oorukanasy-kurulat/
- Published: 2022-09-02T09:38:24.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:38:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаарындагы төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун (Сауд Арабия Королдугу) жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.**

Жаңы имаратта **212 керебет** жана **8 операциялык бөлүм** болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы болот.

> **Ошондой эле имаратта** радиология, реанимация проктологиясы жана **токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология** бөлүмдөрүн, **морфологиялык кабинет, лабораториялык блокторду** жайгаштыруу пландалууда. 

Имараттын капсула салуу аземине катышкан президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүнө ишеним артканын билдирди.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/boln-s-scaled.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/boln-s-scaled.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bolnica-s-scaled.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/bolnica-s-scaled.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/boln-s1-scaled.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/boln-s1-scaled.jpeg)

Кошумча окуңуз:

[Сауд өнүктүрүү фонду КРда мындан ары да социалдык долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/09/02/saud-n-kt-r-fondu-krda-myndan-ary-da-socialdyk-dolboorlordu-ishke-ashyruu-nietin-bildirdi/)

[Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын 87 миң долларлык карызын төлөөнү 2027-жылга чейин узартат](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/17/saud-n-kt-r-fondu-kyrgyzstandyn-87-mi-dollarlyk-karyzyn-t-l-n-2027-zhylga-chejin-uzartat/)

[Сауд өнүктүрүү фондунун акчасына Кыргызстанда төрт мектептин курулушу аяктады](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/07/08/saud-n-kt-r-fondunun-akchasyna-kyrgyzstanda-t-rt-mekteptin-kurulushu-ayaktady/)