> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Банктар 16 жашка чыккан жарандарга банктык төлөм карталарын берүүнү карашууда
- URL: https://im.kg/all/2022/09/05/banktar-16-zhashka-chykkan-zharandarga-banktyk-t-l-m-kartalaryn-ber-n-karashuuda/
- Published: 2022-09-05T10:28:51.000Z
- Updated: 2022-09-05T10:29:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2-сентябрда Улуттук банк Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин отурумун өткөрдү. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы кабарлады.**

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоевдин төрагалыгы астында коммерциялык банктардын жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду.

> Отурумда соода жана тейлөө ишканаларын контролдук-кассалык машиналар (ККМ) функциясы бар POS-терминалдар менен камсыз кылуу, ошондой эле эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) милдеттүү пайдалануу маселелери талкууланды. 

Мындан тышкары, КРда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруунун, финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун алкагында **16 жашка чыккан жарандар арасында банктык төлөм карталарын жайылтуу** маселелери талкууланды. 

Отурумдун жыйынтыгы боюнча регулятор тиешелүү чечимдер кабыл алынганын да кошумчалады.