> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР Япония өкмөтү менен 2.3 млн долларлык гранттык макулдашууга кол койду - минкаб мамкызматкерлерди Японияга окууга жөнөтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/09/05/kr-yaponiya-km-t-menen-2-3-mln-dollarlyk-granttyk-makuldashuuga-kol-kojdu-minkab-mamkyzmatkerlerdi-yaponiyaga-okuuga-zh-n-t-t/
- Published: 2022-09-05T14:30:09.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:59:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР мамлекеттик кызматкерлердин Японияда магистрдик даражада билим алуусу үчүн стипендиялык программаны ишке ашырууга Япония өкмөтү менен 2.3 млн долларлык гранттык макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Берилген маалыматка ылайык, Япония КРга 2022-жылга Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программаны (JDS) ишке ашыруу үчүн **2.3 млн доллар** өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтүүнү чечкен. 

Ага ылайык, бүгүн, 5-сентябрда Финансы министрлигинде Япониянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси **Маэда Шигеки** жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин КРдагы туруктуу өкүлү **Кавамото Хироюки** менен алмашуу ноталарына жана JDS долбоору боюнча гранттык макулдашууга кол коюлган. 

> “Долбоордун негизги максаты – Кыргызстандын **мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине** Япониянын ЖОЖдорунда магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, КРнын министрлер кабинетинин кадрларды даярдоо боюнча саясатын колдоо жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат. 

> Негизги талапкерлер КРнын жаш мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери болот. Японияда окуусун аяктагандан кийин КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга чоң салым кошот”, – дейт министрлик.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/yaponiya-ucheba1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/yaponiya-ucheba1.jpeg)