> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан өлкөнүн данга болгон муктаждыгын 68%га чейин камсыздай алат
- URL: https://im.kg/all/2022/09/05/kyrgyzstan-lk-n-n-danga-bolgon-muktazhdygyn-68-ga-chejin-kamsyzdaj-alat/
- Published: 2022-09-05T09:55:25.000Z
- Updated: 2022-09-05T09:59:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков [радиоэфирде ](https://ru.sputnik.kg/20220902/sakhar-maslo-muka-defitsit-1067471552.html)Кыргызстан кандай маанилүү азык-түлүктөрдү импорттоого аргасыз болору жана канча пайыз өзүн-өзү камсыздай ала тургандыгы тууралуу айтып берди.**

Министр быйыл кыргызстандык дыйкандар жергиликтүү дан эгиндерин жыйноонун эсебинен өлкөнүн азык-түлүк муктаждыгынын **65-68%га** жакынын камсыздай ала тургандыгын билдирди. Калганы Россия жана Казакстандан ташылып келинет.

> «Бизге жылына 62 миң тоннага жакын өсүмдүк майы керек. Биз өзүбүздү **18-20%га** гана камсыздайбыз. Маселени чечүү үчүн быйылкы жылы жаңы өндүрүш ишканалары ишке кирди. Азыр алардын саны жетиштүү: заводдордо жабдуулар бар, иштетилген майдын сапаты мыкты десе болот. Учурда бир гана нерсе – кайра иштетүү үчүн чийки зат жетишпейт», – деди Жаныбеков.

Анын айтымында, быйыл Кыргызстанга күн караманын, соянын үрөндөрү чоң көлөмдө алынып келинди, анткени өлкөдө май өсүмдүктөрүн өстүрүү азык-түлүк коопсуздугунун жогорку көрсөткүчтөрүн берет.