> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк валюталык операцияларга коюлган чектөөлөрдү алып салды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/06/154957/
- Published: 2022-09-06T09:37:29.000Z
- Updated: 2022-09-06T10:39:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Валюта рыногунун учурдагы салыштырмалуу турукташуусуна байланыштуу алмашуу бюролору тарабынан чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча коммерциялык банктар менен операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу кечээ, 5-сентябрда регулятордун маалымат кызматы билдирди.**

Улуттук банк Башкармасы «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомун кабыл алды. 

> Ушул токтом менен чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндөгү жогоруда аталган чектөөлөр 2022-жылдын 1-декабрына чейин убактылуу токтотулат. 

Эске салсак, Улуттук банк 22-июлдагы токтому менен төмөнкүдөй чектөөлөрдү киргизген болчу:

**Комбанктарга:**

- Алмашуу бюролору менен операцияларды жүргүзүүдө календардык күндүн ичинде бир убакта алмашуу бюросунун жүгүртүү капиталынын чегинде чет өлкөлүк валютанын көлөмүн чектөө.
- Улуттук банкка ар жумалык отчетторду отчеттук жумадан кийинки дүйшөмбү күнү саат 14:00гө чейин берүү.
- Ар бир айдын акыркы иш күнүнө карата, отчеттук айдан кийинки иш күнү саат 16:00гө чейин алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты Улуттук банкка берүүгө.

**Акча алмаштыруу жайларга:**

- Комбанктарда календардык күндүн ичинде алмашуу бюросунун жалпы жүгүртүү капиталынан ашкан суммада нак чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
- Коммерциялык банктар менен чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө коммерциялык банктарга алмашуу бюросунун жетекчиси кол койгон жазуу жүзүндө мурунку күндүн аягында жана/же жылдын башында алмашуу бюросунун жүгүртүү капиталынын көлөмүн ырастаган маалыматтарды берүүгө. күнү, тиркелген KKM чек менен.