> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек - Сеул түз аба каттамы ачылат - ноябрда Бишкекке кореялык авиакомпаниянын өкүлү келет
- URL: https://im.kg/all/2022/09/06/bishkek-seul-t-z-aba-kattamyn-achylat-noyabrda-bishkekke-koreyalyk-aviakompaniyanyn-k-l-kelet/
- Published: 2022-09-06T15:19:53.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:22:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылы Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Ким Хо Сон билдирди.** 

Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, каттамдар туристтик сезондо **жумасына эки жолу** аткарылат. Ал өз учурунда Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтүүгө шарт түзөт.

> “Кореялык туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу өсүүдө. Буга Кореядагы эл аралык туристтик көргөзмөсүндөгү делегациянын катышуусу чоң таасирин тийгизди. Кыргызстандын экспозициясы эң кызыктуу, мазмундуу деп табылып, Гран-приге ээ болду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ушул жылдын ноябрь айында кызматташууну өнүктүрүү максатында Кореянын авиакомпаниясынын өкүлүнүн келүүсү күтүлүүдө.