> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Ленин атындагы заводдун 62 га жерин сатууну уюштурган
- URL: https://im.kg/all/2022/09/06/lenin-atyndagy-zavoddun-zherin-satuuga-shektelip-prokuratura-terg-ch-s-karmaldy/
- Published: 2022-09-06T11:30:24.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:14:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМКнын маалымат кызматы «Бишкек машина куруу заводу (БМЗ)» ААКнын (Ленин атындагы завод) мыйзамсыз ажыратылган жер тилкелерин сатуу фактысы боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалганын билдирди.**

УКМКнын маалыматына таянсак, прокуратура органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында Аскер прокуратурасы менен биргеликте **КРнын Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү «С.Н.М.» кармалган.**

> Сокулук районунун аймагында жайгашкан «Бишкек машина куруучу завод» ААКга таандык жалпы аянты **62 гектар жер тилкелерин** жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 3-бөлүгү (Коррупция) менен кармалган иштин алкагында КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү **“С.Н.М.”** Кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелери менен кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Буга чейин «БМЗ» ААКнын көрсөтүлгөн жер тилкелерин мыйзамсыз ээлик кылуу учурундагы коррупция фактысы боюнча **КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору** Ч.Н.З. жана “БМЗ” ОАОнун мурдагы кызматкерлери кармалган.