> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров: 2023-жылдан тарта алтын жана санариптик сомду ишке киргизүү керек
- URL: https://im.kg/all/2022/09/07/akylbek-zhaparov-2023-zhyldan-tarta-altyn-zhana-sanariptik-somdu-ishke-kirgiz-kerek/
- Published: 2022-09-07T13:28:18.000Z
- Updated: 2022-09-07T13:34:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Кеңешмеде финансы министри Алмаз Бакетаев 2023-2027-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун, ошондой эле 2023-2027-жылдарга мамлекеттик бюджеттин негизги параметрлерин сунуштады. 

Белгиленгендей, жакынкы келечектеги фискалдык саясаттын негизги милдети – **бизнестин мамлекеттик органдар менен байланыштарын төмөндөтүү, көмүскө экономиканы кыскартуу** жана кирешелерди башкаруу тутумун жакшыртуу жолу аркылуу мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдүн көлөмүн жогорулатуу болуп саналат.

Жапаров салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана башка бизнес процесстерди санариптештирүү боюнча алдыдагы иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.

> «Биздин алдыбызда Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу милдеттери турат. 2023-жылдын 1-январынан тарта **алтын жана санариптик сомду ишке киргизүү** керек. Мындан тышкары IT технологиялар университетин ачып, IT шаарчасын негиздөө керек, – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында минкабдын Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши 2023-2027-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун, анын ичинде орто мөөнөттүү бюджеттик негиздер жана тармактар боюнча чыгымдардын стратегияларын, ошондой эле айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен 2023-2025-жылдарга республикалык бюджетти түзүү үчүн контролдук көрсөткүчтөрдү бекитти.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/minkab.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/minkab.jpeg)