> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунан салык кызматтарын саналуу убакытта алууга болот
- URL: https://im.kg/all/2022/09/08/bishkektegi-ishkerlerdi-tejl-borborunan-salyk-kyzmattaryn-sanaluu-ubakytta-aluuga-bolot/
- Published: 2022-09-08T13:40:55.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:28:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борборунан (ИТБ) жарандар жана ишкерлер салык кызматтарын саналуу убакыттын ичинде ала алышат, ал эми жер-жерлердеги салык органдарында 3 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

Белгилей кетсек, бул Борбордо Бишкектеги **салык органдарында катталган жарандар жана ишкерлер** тейленет.

МСК ИТБда **9 айдын** ичинде салык салуу жаатында **116 миң 784** кызмат жана **38 миң 899** башка мамлекеттик кызматтар көрсөтүлгөнүн билдирди.

- Салыктык каттоодон **8 миң 751**, кайра каттоодон – 1 205, эсептик каттоодон – 118 салык төлөөчү өткөн, ошондой эле 22 миң 695 субъект каттоосун жокко чыгарган.
- Дагы **5 миң 612** салык төлөөчү салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө, 4 миң 501 салык төлөөчү – салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкат алышкан.
- **6315 субъектке** экономикалык иш жүргүзүү үчүн патент берилген, ал эми 5 840 субъект салык режимин өзгөртүшкөн.
- Мындан тышкары, **8107** салык төлөөчү Салык кызматынын сайтындагы “Жеке кабинетке” кирүү мүмкүнчүлүгүнө, 11 миң 840 адам булуттук электрондук кол тамгага ээ болушкан (Инфокомдун продуктусу).
- **33 миң 953** салык төлөөчү салык мыйзамы боюнча түшүндүрмө алышкан.

Эске салсак, 2021-жылдын 25-ноябрында Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору ачылып, анда борбордун ишкерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, консультацияларды ыкчам жана толук түрдө алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

> Ишкерлерди тейлөө борборунда Салык кызматынан сырткары **9 мамлекеттик орган** жана бир катар мамлекеттик уюмдар кызмат көрсөтүшөт, ошондой эле банктардын филиалдары жайгашкан.

Ишкерлерди тейлөө борбору – бул ишкерлер консультациянын бардык түрүн, мамлекеттик жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн бүтүндөй комплексин ала турган жер. Анын ичинде каттоодон, кайра каттоодон өтүү, отчетторду тапшыруу, маалымкаттарды, лицензияларды жана уруксаттарды, консультацияларды жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу.

> Борбор **ишкерлерди шаардын райондук салык органында катталгандыгына карабастан** кызмат көрсөтөт.

- Борбордун дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу пр., 381, / Ибраимов көч.