> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин тургуну 6 жыл чогулткан KUNAN TAITORU спорттук унаасын презентациялады - фото
- URL: https://im.kg/all/2022/09/08/bishkektin-turgunu-6-zhyl-chogultkan-kunan-taitoru-sporttuk-unaasyn-k-rs-tt-foto/
- Published: 2022-09-08T11:04:35.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Zaman ресторанында биринчи кыргызстандык Kunan MR 300 sport (KUNAN TAITORU) спорт унаасынын презентациясы болду.** 

Бул унааны жасоо идеясы Медер Койлубаевге таандык жана аталган спорттук унааны колу менен чогултууга 8 адам 6 жыл жумшаган.

Койлубаевдин айтымында, унааны чогултууда гибриддик материалдар, түрдүү тетиктер колдонулган жана 300 аттын кубатын берген Subaru Legacy автоунаасынын кыймылдаткычы коюлган. Ал эми кузовун чогултууда карбон жана плексигласс колдонулган.

> «Бул амбициялуу долбоор. Бул ишке ашкан кыял. Спорттук унаанын аталышындагы «Кунан» үч жылдык жаш айгырды билдирет. Ал эми “Тайтору” – “Манас” эпосундагы күлүк аттын аты ушундай болгон», – деген Койлубаев унааны сатуу ниети жок экенин билдирди.

Машина азырынча «Унаа» мамлекеттик ишканасында каттала элек, анткени буга чейин эч ким үйдөн жасалган унааларды каттаган эмес.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/taitoru.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/taitoru.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/taitoru2.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/taitoru2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/taitoru3.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/taitoru3.jpg)