> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Булут кол тамгасын эми БШКнын билим берүү борборлорунан алууга болот
- URL: https://im.kg/all/2022/09/08/bulut-kol-tamgasyn-emi-bshknyn-bilim-ber-borborlorunan-aluuga-bolot/
- Published: 2022-09-08T15:18:37.000Z
- Updated: 2022-09-08T15:18:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Булут кол тамгасын эми БШКнын билим берүү борборлорунан алууга болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.**

Маалыматка таянсак, “Инфоком” менен БШКнын ортосунда 2022-жылдын сентябрынан тартып электрондук булут кол тамгасын (ЭБК) берүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим түзүлгөн. 

> “Кызматташтык “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. “Инфоком” МИнин адистери БШКнын кызматкерлерин булутка негизделген электрондук кол тамга берүү боюнча окутушту”, – дейт министрлик.

Ыйгарым укуктарды берүү ЭБКны калкка берүү чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк бермекчи, анткени буга чейин аларды Калкты тейлөө борборлорунан гана алууга болчу.

> Белгилей кетсек, булут кол тамга **акысыз** берилет.

***Кошумча окуңуз:***

[Булуттук электрондук кол тамгасын алуу үчүн жеке жана юридикалык жактарга кандай документтер керек?](http://localhost/info-portal/news/2022/08/11/buluttuk-elektronduk-kol-tamgasyn-aluu-ch-n-zheke-zhana-juridikalyk-zhaktarga-kandaj-dokumentter-kerek/)