> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызстанда жасалган» долбоорунун бет ачары болду - жакында расмий бекитүүгө жиберилет
- URL: https://im.kg/all/2022/09/08/kyrgyzstanda-zhasalgan-dolboorunun-bet-achary-boldu-zhakynda-rasmij-bekit-g-zhiberilet/
- Published: 2022-09-08T11:55:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:22:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кечээ, 7-сентябрда Экономика жана коммерция министрлигинде 2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” улуттук экспорттук программанын долбоорунун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.**

Иш-чарага өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, КРнын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, алдыңкы экспортерлор – өндүрүүчүлөр катышышкан.

Ошондой эле иш-чарада секторлор аралык презентациялар сунушталды:

- экспортту стимулдаштыруу жана жылдыруу
- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү
- улуттук сапат инфраструктурасы
- каржылоо мүмкүнчүлүгү.

> “Бул программанын долбоору жакын арада КРнын мамлекеттик органдарына расмий бекитүүгө жиберилет жана коомдук талкууга коюлат, ал эми тиешелүү жол-жоболор өткөндөн кийин, андан ары кароо жана бекитүү үчүн белгиленген тартипте КРнын президентинин администрациясына киргизилет”, – деп айтылат билдирүүдө.