> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Октябрдан баштап кумшекердин арзандашы күтүлөт - кант кызылчасы бышты
- URL: https://im.kg/all/2022/09/08/oktyabrdan-bashtap-kumshekerdin-arzandashy-k-t-l-t-kant-kyzylchasy-byshty/
- Published: 2022-09-08T10:47:59.000Z
- Updated: 2022-09-08T10:50:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Октябрь айында кумшекердин баасынын төмөндөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинин атаандаштыкты жана баа түзүүнү өнүктүрүү боюнча монополияга каршы саясат башкармалыгынын башчысы Акылай Кожомбердиева кечээ, 7-сентябрда “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.**

Анын айтымында, октябрь айына чейин Кыргызстандын кант заводдору кумшекерди арзан баада чыгара баштайт.

> «Өткөн жумада “Кайыңды-Кант” кант заводунда кумшекердин килограммы 82.5 сомдон кем болбой жаткан. Баа акырындап түшүп жатат, анткени октябрь айына чейин өзүбүздүн шекерибиз сатылат», – деди ал.

Ал ошондой эле кант заводдору жергиликтүү дыйкандардан кант кызылчасын чоң көлөмдө алууга даяр экенин баса белгиледи. Бирок заводдорго бир-эки дыйкандан бөлүп-жарып алган рентабелдүү эмес экенин, андыктан баары биригип кластерлерди түзүп, ири көлөмдө өткөрсө бир топ жеңил болорун билдирди.

---

Буга чейин [Economist.kg кабарлагандай](http://localhost/info-portal/news/2022/08/05/kyrgyzstandagy-kum-sheker-braziliyadan-kelgen-chijki-kum-shekerden-nd-r-l-t-logistikadan-ulam-baasy-zhogoru/), республикага негизинен **Индиядан чыгарылган** кум шекер алынып келинип жаткан. Ал эми “Кайыңды-Кант” ААК жана “Кошой” ААК заводдору **Бразилиядан алынып келинген чийки кум шекерден** өндүрүп жатышкан. Логистикадан улам, базарларда сатылып жаткан кум шекердин баасы ата мекендик кант кызылчасынын кум шекерине караганда жогору болуп жаткан эле.