> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алуу тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/08/transport-ministrligi-bishkek-osh-zholundagy-tonnelderden-t-ch-unaalardan-aky-aluu-tuuraluu-myjzam-dolboorun-chakyrtyp-aldy/
- Published: 2022-09-08T14:55:58.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:31:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Транспорт министрлиги Бишкек – Ош жолундагы тоннелдерден өтүүчү унаалардан акы алуу тууралуу мыйзам долбоорун кайра чакыртып алгандыгын расмий сайтында билдирди.**

Министрлик жарандардан жана мамлекеттик органдардан түшкөн сунуштарга байланыштуу, **төлөмдөрдүн өлчөмүн андан ары тактоо максатында** мыйзам долбоорун кайрадан чакыртып алган.

Эскерте кетсек, бул демилге аталган жолдун тоннелдерин талаптагыдай тейлөө жана эксплуатациялоо максатында сунушталган болчу.

Ведомство унааларды **алты категорияга** бөлүүнү сунуштап жана алардын ар бири үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмүн да аныктаган:

- **жеңил унаалар, микроавтобустар, джиптер** – **50 сом**, чет өлкөлүк номурлуу унаалар үчүн 5 доллар
- жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннага чейинки **микроавтобустар** жана **жүк ташуучу унаалар** – **100 сом,** чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар үчүн 10 доллар
- 22 орунга чейинки **автобустар** жана жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннага чейинки **жүк ташуучу унаалар** – **150 сом**, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 20 доллар
- 22ден 32 орунга чейинки **автобустар** жана жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннага чейинки **жүк ташуучу унаалар** – **300 сом**, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 40 доллар
- **32ден ашык** орундуу **автобустар** жана жүк көтөрүмдүүлүгү **25 тоннага** чейинки **жүк ташуучу унаалар** – 350 сом, чет өлкөлүк номурлуу жеңил унаалар үчүн 60 доллар
- жүк көтөрүмдүүлүгү **25 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар** – **400 сом**, чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар үчүн 80 доллар.

Унаалардын өтүүсүнө акча чогултуу Бишкек – Ош унаа жолундагы **“Сосновка”** жана **“Кара-Көл”** посттору аркылуу жүргүзүлмөк жана бул үчүн атайын мамлекеттик орган аныкталмак.