> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылдагы «дем берүүчү гранттардын» эң чоң үлүшү Жалал-абад облусуна туура келет - 74.8 млн сом
- URL: https://im.kg/all/2022/09/09/2022-zhyldagy-dem-ber-ch-granttardyn-e-cho-l-sh-zhalal-abad-oblusuna-tuura-kelet-74-8-mln-som/
- Published: 2022-09-09T14:36:39.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:06:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы ишке ашырууга 297 долбоор бекитилген. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого тапшырылган отчеттордун негизинде 2022-жылдын 8 айында республикалык бюджеттен “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча **328.9 млн сом** суммасындагы **218 долбоор** каржыланган. 

> Финансы министрлигинин берген маалыматына ылайык, берилген гранттардын эң чоң үлүшү Жалал-Абад облусуна (74.8 млн сом), андан соң, Ош облусуна (66.3 млн сом) туура келген.

- Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – бул аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана башка тартылган каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/demberuuchu.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/09/demberuuchu.png)