> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АКШнын КРдагы элчилиги виза алуу убактысын кыскартат жана интервьюларга катталууга жаңы орундарды ачат
- URL: https://im.kg/all/2022/09/09/akshnyn-krdagy-elchiligi-noyabrga-zhana-kijinki-ajlarga-vizalyk-intervjularga-kattaluuga-zha-y-orundardy-acharyn-bildirdi/
- Published: 2022-09-09T17:05:17.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:40:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**АКШнын КРдагы элчилигинин маалымат кызматы 12-сентябрдан тартып, ноябрга жана кийинки айларга визалык интервьюларга катталууга жаңы орундарды ачарын билдирди**.

Маалыматка таянсак, АКШ элчилиги **виза алуу убактысын кыскартат**. 

> “АКШ менен КР элдеринин ортосундагы карым-катнашты чыңдоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Ошол эле учурда биз ачык болуп, Кыргызстандын бардык жарандарына виза алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого аракет кылып жатабыз. 

> Ошондуктан 12-сентябрда ноябрга жана кийинки айларга визалык интервьюларга катталууга жаңы орундарды ачабыз”, – деп айтылат элчиликтин [билдирүүсүндө.](https://www.facebook.com/usembassy.bishkek/posts/pfbid031bC7K4SPiK8mn2UZwdtnN3VSviUUZ3ya23M8cMcsHcL83dhYkNCbskh7zU8PQqCxl)