> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Гүлнара Баатырова Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/09/g-lnara-baatyrova-salamattyk-saktoo-ministri-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2022-09-09T16:34:09.000Z
- Updated: 2022-09-09T16:34:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.**

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 7-сентябрдагы жыйында Саламаттык сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришкен.

59 жаштагы Гүлнара Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун врач-дарылоочу кесибин аяктаган. 1986-1988-жылдары Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында иштеген жана 2001-2013-жылдары Ош облусунун Кара-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы болуп эмгектенген. Ага удаа эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (2011-2021) болуп да эмгектенген.

Эскерте кетсек, июнь айында убактылуу кызматынан четтетилген Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынып, министрдин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жүргөн.