> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын айылдарынын тургундарын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга үйрөтүшөт – долбоорго 9.6 млн доллар бөлүндү
- URL: https://im.kg/all/2022/09/09/krnyn-ajyldarynyn-turgundaryn-klimattyn-zg-r-s-n-y-gajlashuuga-jr-t-sh-t-dolboorgo-9-6-mln-dollar-b-l-nd/
- Published: 2022-09-09T11:18:29.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:04:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда Жашыл климаттык фонддун долбоору ишке кирди. Жаратылыш ресурстар министрлигинин маалыматы боюнча, гранттын жалпы суммасы 9.6 млн долларды түзөт.**

Долбоор **2022-2026-жылдар** аралыгында ишке ашырылат. Долбоордун максаты – климаттын өзгөрүшүнүн таасирине карата калктын аялуулугун азайтуу жана айыл жамааттарынын адаптациялык потенциалы менен туруктуулугун жогорулатууда КРга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

**Долбоор үч компоненттен турат:**

- климаттык тобокелдиктерди башкаруу үчүн аялуу айылдык жамааттарды колдоо үчүн климаттык кызматтар
- калктын аярлуу катмарларынын адаптациялык потенциалын жогорулатуу жана коомчулуктун туруктуулугун бекемдөө үчүн жашоо каражаттарын жогорулатуу жана диверсификациялоо
- көп секторлуу мамилени колдонуу менен климаттык аракеттерди жакшыртуу үчүн потенциалды өнүктүрүү жана чечимдерди кабыл алуу үчүн колдоо көрсөтүү.

Долбоор Жаратылыш ресурстар министрлиги жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БДП) тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Эмгек министрлиги жана Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Климаттык каржылоо борбору менен биргеликте ишке ашырылат.