> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Пандемия мезгилде токтоп калган Ош - Андижан маршруттук каттамы кайрадан жанданды
- URL: https://im.kg/all/2022/09/09/pandemiya-mezgilde-toktop-kalgan-osh-andizhan-bagytytyndagy-marshruttuk-kattam-kajradan-zhandandy/
- Published: 2022-09-09T15:10:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:04:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош – Андижан багыты боюнча маршруттук каттам кайрадан жанданды. Бул тууралуу жергиликтүү [“ОШ ТВ”](https://oshtv.kg/category/akyrky-kabarlar/) маалымдады.**

Маалыматка таянсак, бүгүн, 9-сентябрда алгачкы каттам менен 15 жаран “Достук” чек арасы аркылуу өтүп кетишкен.

> Эми маршруттук унаалар Ош автобекетинен ар күнү, жыйырма мүнөт сайын каттап турат. Ушундай эле каттам Андижандан Ошту карай жүрүп турмакчы. Жол акысы 140 сом.

Эске сала кетсек, Ош – Андижан шаарларынын ортосундагы каттам пандемиядан улам токтоп калган болчу.