> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сауд Арабия Камбар-Ата-1 ГЭСин кошо курууга даяр
- URL: https://im.kg/all/2022/09/09/saud-arabiya-kambar-ata-1-gesin-kosho-kuruuga-dayar/
- Published: 2022-09-09T09:52:44.000Z
- Updated: 2022-09-09T09:59:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Сауд Арабия Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.**

Маалыматка таянсак, КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Сауд Арабиянын Инвестициялар министри Халид Аль-Фалих менен жолугушуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулаган.

Кулубаев эки тараптуу кызматташуунун жогорку жана прогрессивдүү динамикасын белгилесе, министр Аль-Фалих Сауд Арабия Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдирип, ушуга байланыштуу конкреттүү инвестициялык сунуштарды кароого жиберүүнү өтүнгөн.

> “Ошондой эле Сауд Арабиянын Инвестиция министри Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана курулушуна катышууга даяр экенин билдирди. 

> Министр Аль-Фалих энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, туризм, логистика, инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу тармактардагы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө үчүн, ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанга жумушчу топ жиберерин билдирди”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кулубаев маектешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган. Министр Аль-Фалих аталган чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, келечектеги конкреттүү соода-экономикалык долбоорлордун пайдубалын даярдоого тийиш болгон Сауд Арабиянын жумушчу тобунун иш сапарынан кийин Кыргызстанга келерине убада кылган.

***Кошумча окуңуз:***

[“Камбар-Ата-1” сыяктуу чоң долбоорлорду жасоо үчүн бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек – Акылбек Жапаров](http://localhost/info-portal/news/2022/09/01/kambar-ata-1-syyaktuu-cho-dolboorlordu-zhasoo-ch-n-bir-top-myjzamdarga-zg-rt-l-rd-kirgiz-kerek-akylbek-zhaparov/)

[Казакстандын президенти “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргелешип курууну колдоду](http://localhost/info-portal/news/2022/07/21/kazakstandyn-prezidenti-kambar-ata-1-gesin-birgeleship-kuruunu-koldodu/)

[Казакстан менен Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна инвестиция салууга даяр](http://localhost/info-portal/news/2022/06/08/kazakstan-menen-zbekstan-kambar-ata-1-gesinin-kurulushuna-investiciya-saluuga-dayar/)

[«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушуна бүгүн старт берилди – КРнын экономикасына 234 млн доллар жылдык таза пайда алып келет](http://localhost/info-portal/news/2022/06/08/kambar-ata-1-gesinin-kurulushuna-b-g-n-start-berildi-krnyn-ekonomikasyna-234-mln-dollar-zhyldyk-taza-pajda-alyp-kelet/)

[“Бала-Саруу” жана “Камбар-Ата-1” ГЭСтеринин курулуштарына мамлекет 3.5 млрд сомдон ашык каражат бөлөт](http://localhost/info-portal/news/2022/07/29/bala-saruu-gesinin-kurulushuna-zhana-kambar-ata-1-gesin-kuruuga-dayardyk-k-r-ch-n-mamleket-3-5-mlrd-somdon-ashyk-karazhat-b-l-t/)

[Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди Өзбекстан менен чогуу курушу мүмкүн](http://localhost/info-portal/news/2022/04/15/kyrgyzstan-kambar-ata-ges-1di-bekstan-menen-choguu-kurushu-m-mk-n/)

[Кыргызстан инвесторлорду Камбар-Ата жана башка ГЭСтерди курууга катышууга чакырууда](http://localhost/info-portal/news/2022/03/25/kyrgyzstan-investorlordu-kambar-ata-zhana-bashka-gesterdi-kuruuga-katyshuuga-chakyruuda/)

[Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга еврооблигациялар аркылуу 500 млн евро алууну көздөөдө](http://localhost/info-portal/news/2022/02/10/kyrgyzstan-kambar-ata-ges-1di-kuruuga-evroobligaciyalar-arkyluu-500-mln-evro-aluunu-k-zd-d/)

[Казакстандын өкмөтү Камбар-Ата ГЭС-1ди чогуу куруу маселесин карап жатат](http://localhost/info-portal/news/2021/12/13/kazakstandyn-km-t-kambar-ata-ges-1di-kuruuga-katyshuu-maselesin-karap-zhatat/)