> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жакында Carcheck системасы аркылуу транспорт салыгын төлөө фактысын текшерүүгө болот
- URL: https://im.kg/all/2022/09/09/zhakynda-carcheck-sistemasy-arkyluu-transport-salygyn-t-l-faktysyn-teksher-g-bolot/
- Published: 2022-09-09T17:25:36.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:45:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы транспорт каражатына салык төлөө боюнча маалымат базасын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын Carcheck сервиси менен интеграциялоону пландаштырууда. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

Азыркы учурда Салык кызматы салык мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну демилгелөөдө.

> **Carcheck** системасы аркылуу жарандар транспорт каражатына салык төлөнгөндүгү же төлөнбөгөндүгү боюнча маалымат ала алышат.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөө боюнча текшерүү функциясын киргизүү менен жарандык контроль күчөтүлүп, ошону менен бирге салык төлөбөгөндөрдүн саны азаярына ишенет. Дагы бир оң натыйжа – транспорт каражатынын ээлеринин салык сабаттуулугу жана салык милдеттенмелери жөнүндө маалымдуулугу жогорулайт.