2025-жылы «Кыргызнефтегаз» К-5 дизель майын чыгара башташы мүмкүн
2025-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ААК К-5 дизель отунун чыгара башташы мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 11-сентябрда, ишкананын 90 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунда өткөн салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Анын айтымы боюнча, эгерде «Кыргыз Петролеум Компани» мунай иштетүүчү заводун модернизациялоо аяктаса, 2025-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ААКсы эл аралык стандарттарга жооп берген К-5 күйүүчү майын чыгара баштайт. Натыйжада өлкөнүн тышкы отунга болгон көз карандылыгын азайтуу маселеси чечилет.
Президент ошондой эле акыркы жылдары өлкөнүн бардык тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар ата мекендик ири компанияларда уланып, жакшы жылыштар болуп жатканын белгиледи.
“Кыргызнефтегаз” ишканасынын экономикалык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жогорулап, мекеменин кирешеси соңку мезгилде бир нече эсеге көбөйгөндүгү буга мисал. […] «Кыргызнефтегаз» мунай менен газды чалгындоодон баштап, өндүрүү, кайра иштетүү, алынган мунайзаттарын сатуу менен өндүрүштүн толук циклин өзүнө камтыган бирден бир ири мекеме», – деди ал.