> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорунун алкагында өлкө боюнча 1963 гана дыйкан насыя алган
- URL: https://im.kg/all/2022/09/12/agro-n-r-zhaj-kompleksin-nasyyaloo-dolboorunun-alkagynda-fermerlerge-3-4-mlrd-som-berildi/
- Published: 2022-09-12T14:21:09.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:35:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын 5-сентябрына карата “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорунун алкагында 3.4 млрд сом, анын ичинен “Айыл Банк” ААКга – 1.7 млрд сом жана “РСК Банк” ААКга – 1.7 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Бардыгы болуп **1963** кредит – **1.6 млрд сом** суммасында берилди.

- **Фермердик чарбаларга** – 500 миң сомго чейин, 1871 кредит жалпы суммасы 706.9 млн сомго берилген.
- **Айыл чарба өндүрүшү** менен алектенген жоопкерчилиги чектелген фермердик чарбаларга жана жылдык жүгүртүлүшү 1 млн сомдон 5 млн сомго чейинки Айыл чарба кооперативдерине жалпы суммасы 14 70.0 млн сомго кредит берилди.
- **Кластерлердин агрегаторлоруна** (тамак-аш өнөр жай ишканалары жана соода — логистикалык борборлор), жаңы түзүлгөн тамак-аш өнөр жай ишканаларына – 150 млн сомго чейин, жалпы суммасы 14 кредит 630.1 млн сом берилди.
- Ошондой эле **техниканын лизинги боюнча** 64 млн сом суммасында 180.2 кредит берилген.