> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эгиндерди чаап-жыйноо боюнча азырынча Чүй облусунун чарбалары алдыда
- URL: https://im.kg/all/2022/09/12/eginderdi-chaap-zhyjnoo-bojuncha-azyryncha-ch-j-oblusunun-charbalary-aldyda/
- Published: 2022-09-12T17:45:43.000Z
- Updated: 2022-09-12T17:45:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улутстаткомдун берген маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын 23-августуна карата дан эгиндери (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз), өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 403 миң гектар аянттан 6%га көп жыйналган жана бир млн тоннадан ашык же 2 эсеге көп дан бастырылган.** 

> “Республика боюнча дан эгиндердин чаап-жыйноо аянты жыйнала турган аянтына карата 70% жакын болуп түзүлдү, анын ичинде **Чүй облусунун чарбаларында – 83%**, Баткен – 71% жана Ош облусунда – 70%”, – деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы (2.6 эсеге), буудай (2 эсеге) , май өсүмдүктөрү (10%га) жана мөмө-жемиштер (7%га) көп жыйналган.