> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда ИДП 8%га өстү - Улутстатком
- URL: https://im.kg/all/2022/09/12/kyrgyzstanda-idp-8-ga-st-ulutstatkom/
- Published: 2022-09-12T15:32:51.000Z
- Updated: 2022-09-12T15:34:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ички дүң продукт (ИДП) алдына ала баалоо боюнча 506 млрд сомдун тегерегинде түзүлдү жана 2021-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 8%га жогорулады. Мындай маалыматты Улутстатком билдирди.** 

> **«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда,** үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ИДПнын көлөмү **468 млрд сомду** түзүп, **5.1%га жогорулады**.

**Өнөр жай** продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-август айларында 266 млрд сомдун тегерегин түздү жана өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 18.2%га жогорулады, буга себеп негизги **металлдардын өндүрүлүшү** (45.4%), жыгач жана кагаз буюмдары, **полиграфиялык ишмердүүлүктүн** (28%), **мунай заттардын** (14.4%), **тамак-аш** продуктулары (суусундуктар менен) жана **тамеки заттарынын** (13.5%), **текстиль** өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, тери жана териден жасалган буюмдардын өндүрүшүндө (1.3%) ошондой эле пайдалуу **кендерди казып алуунун** (6.3%) өсүшү таасирин тийгизди.

---

Ал эми орто мөөнөттүү Улуттук банктын үстүбүздөгү жылдын II чейрегине карата акча-кредит саясаты боюнча отчетунда Кыргызстандын ИДПнын реалдуу өсүшү 2022-жылдын аягында **болжол менен 4.2%ды**, ал эми Кумтөрдү эсепке албаганда **3.7%**ды түзөөрү [айтылган эле.](http://localhost/info-portal/news/2022/09/07/uluttuk-banktyn-bozhomolunda-zhyl-ayagyna-chejin-idpnyn-s-sh-4-2-de-geelinde-bolot/)