> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АКШнын Бишкектеги элчилиги виза интервьюсуна жаңы ачкан 980 орун эки саатта толуп калган
- URL: https://im.kg/all/2022/09/13/akshnyn-bishkektegi-elchiligi-viza-intervjusuna-zha-y-980-orun-achty/
- Published: 2022-09-13T10:25:29.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:40:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**АКШнын Бишкектеги элчилиги 12-сентябрда виза интервьюсуна жаңы 980 орун ачканын, бирок ал тез убакыт аралыгында эле толуп калганын билдирди.**

> “Виза алууну каалоочулар 2 сааттын ичинде бул орундарды ээлеп коюшту. Буга кошумча, биз жакында КРнын жарандарын биринчи кезекте орундар менен камсыз кылуу үчүн кыргызстандык эмес жарандарды кабыл алуу эрежелерин жаңырттык”, – деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Ошондой эле АКШ элчилиги визаны күтүү убактысын кыскартуу боюнча аракеттерин улантарын билдирди.