> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» компаниясы 8 млрд сом өлчөмүндө салык төлөдү
- URL: https://im.kg/all/2022/09/13/alyans-altyn-kompaniyasy-8-mlrd-som-lch-m-nd-salyk-t-l-d/
- Published: 2022-09-13T09:35:37.000Z
- Updated: 2022-09-13T09:36:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы сентябрь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 8 059 479 142 сом салык төлөсө, анын ичинен 5.3 млрд сому алтынды саткан каражаттан түшкөн. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.**

«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү инфратүзүмдү сактоо жана өнүктүрүү үчүн сатыктан 549 899 751 сом төлөгөн, анын ичинен: 

- Талас облусун өнүктүрүү фондуна – 274 млн 949 миң сом
- Талас районунун өнүктүрүү фондуна – 164 млн 969 миң сом
- Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна – 109 млн 979 миң сом.