> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Башкы прокуратура Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата эки кылмыш ишин козгоду
- URL: https://im.kg/all/2022/09/13/bashky-prokuratura-energetika-ministri-doskul-bekmurzaevge-karata-eki-kylmysh-ishin-kozgodu/
- Published: 2022-09-13T11:47:18.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:14:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Башкы прокуратура кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш ишин козгогонун кабарлады.**

Прокуратуранын берген маалыматына таянсак, 2021-2022-жылдары Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, **тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен** Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Россия Федерациясына болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада, мамлекетке материалдык зыян келтирген. 

> “Мындан тышкары, министр Бекмурзаев, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо “Б.” ЖЧКга жалпысынан **15 млн сомдон** ашык зыян келтирген”, – деп айтылат маалыматта.

 Эскерте кетсек, Доскул Бекмурзаев Энергетика министри болуп 2021-жылы июнь айында, Кыргызстан энергетикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан мезгилде дайындалган.